• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте шайлоо штабынын кезектеги жыйыны өттү

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 01.07.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясында 2021-жылдын 11-июлунда боло турган Бишкек шаардык кеңешине кайталап шайлоого даярдык көрүүдө Бишкек шаарынын аймактык шайлоо комиссиясына жана Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча шаардык штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Штабдын кезектеги жыйынына биринчи вице-мэр, борбор калаанын вице-мэрлери, райондордун башчылары, Бишкек шаарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын, "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын, Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгынын, Каржы министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө шайлоо участкаларынын шайлоого даярдыгы жана шайлоо участокторун материалдык-техникалык жактан камсыздоо маселеси талкууланды.

Штабдын мүчөлөрү шайлоо күнү участкаларда шайлоочулардын дене табын өлчөп, колдоруна антисептикалык каражаттарды чача турган, бекитилген кызматкерлер тууралуу маалымат угушту.

Жыйындын соңунда райондордун башчыларына бекитилген кызматтар менен биргеликте шайлоо учаткаларына генераторлорду туташтыруу графигин түзүп бекитүү тапшырылды.

Бишкек шаардык мэриясынын аймактык, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана чарба субъекттеринин жетекчилери участкалык шайлоо комиссияларын керектүү унаа менен камсыз кылышат.

Шайлоо административдик ресурстарсыз, ошондой эле шаардыктардын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун сактоо менен ачык-айкын өткөрүлүшү керек.

Пикир

Оставить комментарий