• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте шайлоо тилкелеринен сырткары 4 миң жаран добуш берди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте шайлоо тилкелеринен сырткары 4 миң жаран добуш берди. Бул тууралуу маалымат жыйында Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 10-апрелде шайлоо тилкелеринен сырткары добуш берүү жүргөн.

“Бишкекте 228 участкалык шайлоо комиссиясы иштеп жатат. Шайлоо тилкелеринен сырткары добуш берүү үчүн 4 миң 990 арыз берилсе, анын 4 миң 1 шайлоочу добуш берди. Бир катар арыздар шайлоочулар тарабынан жазылбагандыгы аныкталды. Ошондой эле кечээ мониторигдин жүрүшүндө Ленин районундагы №1028, №1029, №1036 жана Свердлов районундагы №1309, №1312, №1311 шайлоо тилкелериндеги добуш берүү жокко чыгарылган”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 17 миң 99 шайлоочу тилкеден сырткары добуш берген.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдумга добуш берүү жүрүүдө. Добуш берүү үчүн өлкө аймагында 2 миң 483, чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси түзүлгөн.

Кыргызстанда 28 шаардык кеңешке 796 депутат, 420 айылдык кеңешке 7 миң 560 депутат шайланат. Жергиликтүү кеңештерге добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 318 миң 130 жаран, референдумга добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 606 миң 201 жаран киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий