• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте шайлоочулардын добуштарын сатып алууга тизмелерди алып жүргөн жаран аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.02.22. /Кабар/. Бишкекте шайлоочулардын добуштарын сатып алууга тизмелерди алып жүргөн жаран аныкталды. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Свердлов районундагы бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоо учурунда Бишкек шаарынын тургуну Б.Б., аттуу жаран бир талапкерге үгүт иштерин жүргүзүү учурунда тизмелерди тактап, акча таратууга аракет жазап жаткандыгы боюнча маалымат текшерүүгө алынган.

Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнын Тергөө кызматынын тапшырмасынын негизинде ыкчам иликтөө жана тергөө амалдарынын жүрүшүндө Б.Б., аттуу жарандын 50 адамдын тизмесин алып жүргөндүгү ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан аныкталып, Бишкек шаарынын Свердлов райондук Ички иштер башкармалыгына жеткирилген.

Учурда топтолгон материалдар БШКга жана Свердлов райондук прокуратурасына жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий