• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте шахмат боюнча балдар арасындагы чемпионат жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 15.01.19. /Кабар/. Бишкек шаарында балдар арасында шахмат боюнча чемпионат өтүп, жеңүүчүлөр аталды. Бул тууралуу шахмат федерациясынан кабарлашты.

Чемпионат Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде өткөн. Турнирге Кыргызстандын баардык аймактарынан жаш шахматчылар катышкан.

Алты жашка чейинки спортчулардын арасынан эң мыктылары - Намыс Токтаалиев жана Жибек Сагынбековалар аталган, ал эми экинчи орунду Даниель Дордоев жана Алия Шарабидинова, үчүнчү орунду, Сулайман Канатбеков жана Саадат Ибраимовалар ээлеген.

Элим Кеңешбеков жана Бермет Макеева сегиз жашка чейинки шахматчылардын арасынан алтын медаль ээлеген, күмүш медалын Ханболот Асанбаев жана Айнура Исаева, ал эми коло медалын Наиль Алыбаков жана Даулет Анандамэйлер ээлеген.

Он жашка чейинки балдар категориясында биринчи орунду Алишер Женишбеков жана Айжан Съезбекова, экинчи - Залкар Курбанбаев жана Нуржамал Пазылбекова; үчүнчү орунду Аарон Пак жана Аяна Абаевалар алган.

12 жашка чейинки шахматчы кыздар жана балдардын арасында биринчиликти Эржан Жакшылыков жана Иманнур Момункулова, экинчиликти Тилекматалы Сулайманов жана Азема Токтобекова жана үчүнчү орунду Султан Чубаков жана Арина Асанова ээлеген.

Андан тышкары:

14 жашка чейин:

1. Элдияр Орозбаев;
2. Азиз Дегенбаев;
3.Талайбек Жайнаков;

1.Нурай Советбекова;
2. Азалия Мирлан кызы;
3. Айиза Орозбекова;

16 жашка чейин:

1. Сыймык Мирлан уулу;
2. Бакыт Тыныбеков;
3. Владислав Онуфриенко;

1.Айгул Малайканова;
2. Асель Алтынбек кызы;
3. Дария Ли;

18 жашка чейин:

1.Руслан Съездбеков;
2. Арзыбек Съездбеков;
3. Кайратбек Абылкасымова;

1. Зарина Усупбекова;
2.Бегимай Заирбек кызы;
3.Айпери Майрамбекова.

Пикир

Оставить комментарий