• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте шахмат боюнча КРнын жогорку лигасынын расмий ачылышы болот

Спорт 0

Бишкек, 2-март /Кабар/. Бүгүн Бишкекте шахмат боюнча КРнын жогорку лигасынын расмий ачылышы болот. Бул тууралуу КРнын шахмат федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы КР биринчилигине өлкөнүн бардык аймактарынан 100дөн ашык күчтүү шахматчылар катышат.

Кыргызстандын шахмат федерациясы шахматты жайылтуу жана өнүктүрүү боюнча активдүү иштерди жүргүзүүдө жана жакшы жыйынтыктарга жетти.

Кыргызстанда шахмат оюнун үйрөнүүнү каалагандар көбөйүп жатат, ал Кыргызстандык шахматчылардын эл аралык мелдештерде жакшы ийгиликтерге жетүүсүн шарттады.

Пикир

Оставить комментарий