• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте шамалдан 16 бак кулап, 3 унаа жабыркаган

Кырсык 0

Бишкек, 30-май /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кечээ Бишкекте катуу шамалдан 16 бак кулап, 3 унаа жабыркаган. Курмандыктар жана жапа чеккендер жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, кечээ кечки 7де секундасына 21 метрге жеткен катуу шамал болгон. Натыйжада бак-дарактар унааларга кулаган.

Кулаган бактардан Ибраимов (терек кулаган) көчөсүндө, Тоголок Молдо-Баялинов (эмен кулаган) кесилишинде жана Баялинов-Манас кесилишинде (терек кулаган) 3 унаа жабыркаган.

“Бактардын кулашынын себеби жогорку нымдуулук, бутактардагы шире кыймылынын күчтүүлүгү, бутактарды оорлоштуруп, тамыры менен жулунуп калууга алып келген”, - деп түшүндүрүштү муниципалдык ишканадан.

Белгиленгендей, бактарды карап чыгууда алардын негизги бөлүгү кургак эмес экендиги аныкталган. Айрым бактардын тамыры чирип кеткендиги билинди.

Жалпысынан тазалоого 45 жумушчу, 7 техника тартылган.

Белгилей кетсек, марттын башында Бишкек мэриясы авариялык абалдагы бактарды кыюуну баштаган. Бирок, өткөн жумада активисттер бак-дарактарды кыюуга каршы чыгышкан. Алар бул шаардын экологиясына терс таасирин берет деп ойлошот.

Пикир

Оставить комментарий