• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкекте «Шамбала» тасмасынын улуттук премьерасы өттү

Маданият 0

Бишкек, 27.08.21. /Кабар/. Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде тартылган Кыргыз эл артисти, белгилүү кинорежиссер Артык Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасынын улуттук премьерасы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, тасмага тартылган чыгармачылык-техникалык топ жана кеңири коомчулук катышты.

Белгилей кетсек, Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде тартылган тасманын дүйнөлүк премьерасы 2020-жылы июль айында Шанхай эл аралык фестивалында өткөн.

«Шамбала» тасмасы буга чейин бир нече эл аралык кинофестивалдарга катышып, байгелүү орундарды ээлеген.

Пикир

Оставить комментарий