• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммити башталды

Саясат 0

Бишкек, 14.06.19. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчылары бүгүн, 14-июнда ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн Бишкек шаарына «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчыларын Конгресс-холлдун имаратында тосуп алды.

Биргеликте сүрөткө түшүү аземинен соң делегация башчылары ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын тар курамдагы жыйынына багыт алышты.

Белгилей кетсек, ШКУ саммитине толук кандуу мүчө катары Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын лидерлери катышууда. Андан тышкары, уюмда байкоочу макамына ээ болгон Афганистан, Беларус, Иран жана Монголиянын башчылары да катышууда.

Эске салсак, кечээ саммиттин ишине катышуу үчүн Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Беларусиянын, Монголиянын, Афганистандын, Ирандын мамлекет башчылары, Кытайдын төрагасы, Индия менен Пакистандын премьер-министрлери Бишкекке чогулушкан.

Пикир

Оставить комментарий