• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте “Шанхай руху” фестивалы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 20.09.17./Тумара Туратбекова – Кабар/. Бишкекте 28-30-сентябрь аралыгында Эл аралык “Шанхай руху” фестивалы өтөт. Бул тууралуу ШКУнун Жаштар кеңешинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, шаар тургундары жана коноктору үч күн бою классикалык музыка, кино, сүрөт жана живопись чыгармаларына күбө боло алышат.

28-сентябрда Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда классикалык музыка боюнча концерт өтөт. Анда Кыргызстандын жана Россиянын музыканттары катышат.

29-сентябрда “Манас” кинотеатрында эл аралык тасмалар жана сүрөт, живопись көргөзмөсү уюштурулат.

Ошол эле күнү Г.Айтиев атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт музейинде Кыргызстан, Өзбекстан жана Кытайдан келген сүрөтчүлөрдүн сүрөттөрүнүн көргөзмөсү болот.

Фестивалдын акыркы күнү 30-сентябрда Бишкек шаардык Арсен Умуралиев атындагы драма театрында “Stand up Пушкин” моноспектали коюлат.

Пикир

Оставить комментарий