• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте ШКУ Коопсуздук кеңешинин катчыларынын ХIV жолугушуусу өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 15.05.19. /Кабар/. Бүгүн, 15-майда Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында ШКУга мүчө өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңешинин катчыларынын ХIV жолугушуусу өтүүдө.

Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлат, андан тышкары Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев менен Шанхай кызматташуу уюмунун башкы катчысы Владимир Норов биргелешкен билдирүү жасашат.

Ошондой эле жыйындын катышуучулары менен президент Сооронбай Жээнбеков жолугат.

Катышуучулардын тизмеси:

- Индиянын улуттук Коопсуздук боюнча кеңешчиси Аджид Довал;
-Казакстан президентинин жардамчысы – Коопсуздук кеңешинин катчысы Калмуханбет Касымов;
- КЭРдин коомдук Коопсуздук министри Чжао Кэчжин;
- Пакистандын улуттук Коопсуздук бөлүмүнүн жооптуу катчысы Зафар Икбал;
- Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев;
- Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Махмадали Ватанзода;
- Өзбекстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Виктор Махмудов;
- Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев;
- ШКУнун башкы катчысы Владимир Норов;
- ШКУ Регионалдык антитеррористтик тутумунун аткаруу комитетинин директору Джумахон Гиесов.

Белгилей кетсек, быйыл ШКУга Кыргызстан төрагалык кылууда.

Пикир

Оставить комментарий