• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бишкекте ШКУ өлкөлөрүнүн медиа форумунун Резолюциясы кабыл алынды

Коом 0

Бишкек, 24.05.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Бишкек шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө болгон өлкөлөрдүн медиа форумунун алкагында “ШКУ медиа каражаттарын колдонуу менен ШКУ платформасын алдыга жылдыруу” жана “ШКУ өлкөлөрүнүн ММКнын өз ара эффективдүү аракеттенүүсү үчүн бирдиктүү аянтча түзүү” аттуу эки панелдик талкуулар өтүп, жыйынтыгында Резолюция кабыл алынды.

Медиа форумдун ишине ШКУ өлкөлөрүнүн тармактык мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, алдыңкы ММКлар жана Уюмдун мүчөсү болгон өлкөлөрдүн медиа эксперттери катышты.

КРнын президенти Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен болгон форумдун расмий бөлүгүнөн соң, аталган эки панелдик сессиялар ишке киришкен. Сессияларда ММКнын өнүгүүсүнүн заманбап тренддери, медиа менен мамлекеттин өз ара аракеттенүүсү, ШКУ мамлекеттеринин ММК ортосундагы кызматташтыкты активдештирүү жана ошондой эле ШКУнун алкагында бирдиктүү маалымат мейкиндигин түзүү тууралуу жемиштүү талкуулар жана пикир алмашуулар болду.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдиргендей, тажрыйба алмашуу абдан маанилүү жана керек. Күндөн-күнгө технологиялар өнүгүп, маалымат берүүнүн жаңы жолдору пайда болууда. Ошол себептен ШКУ мамлекеттеринин ММК Уюмдун ишмердүүлүгүн чагылдыруусун жакшыртуу максатында дайыма пикир жана тажрыйба алмашып туруусу маанилүү, деди.

Форумдун жыйынтыгында катышуучулар Уюмдун учурдагы өнүгүү этабы маалымат технологиялардын активдүү өнүгүүсү жана ММКдын коомдук аң-сезимге тийгизген таасиринин өсүүсүнө дал келүүдө деп баса белгилешти.

Алар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, пресс-турларды уюштуруу, тематикалык семинарларды жана конференцияларды өткөрүү жана тажрыйба алмашууну кеңейтүү үчүн ММКлар арасында жана маалымат каражаттарынын ишин караган ШКУ мамлекеттеринин маморгандары арасында өз ара кызматташууну күчөтүү керек экендиги айтылган.

Андан тышкары, ШКУнун алкагында ММК чөйрөсүндө кызматташууну караган эффективдүү аянтча түзүү жана ШКУ өлкөлөрү аралык ММК кызматташуусуна көмөктөшкөн конкреттүү механизмдерди куруу маанилүү экендигин белгилешкен.

Ошондой эле ШКУ мамлекеттеринде маалымат коопсуздугун камсыз кылуу өтө маанилүү экендигине көңүл бурулду.

Пикир

Оставить комментарий