• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте ШКУ мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин саммити башталды

Саясат 0

Бишкек. 22.05.19 /Кабар/. Бишкекте Шанхай Кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин саммити башталды.

Катышуучулар ШКУ кирген мамлекеттердин башчыларынын саммитинде карала турган маселелерди талкуулашып, алар тууралуу документтердин топтомун даярдашат.

Бүгүнкү саммитке Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чингиз Айдарбеков, Россиянын - Сергей Лавров, Казакстандын - Бейбут Атамкулов, Кытайдын - Ван И, Тажикстандын - Сироджиддин Мухриддин, Өзбекстандын - Абдулазиз Камилов, Индиянын - Сушма Сварадж жана Пакистандын - Махдум Шах Махмуд Куреши катышууда.

ШКУга кирген мамлекеттердин башчыларынын саммити Бишкекте 13-14 июнда шаарында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий