• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте ШКУ саммити аяктады

Саясат 0

Бишкек, 14.06.19. /Кабар/. Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин кеңешинин кезектеги саммити аяктады.

Белгилей кетсек, ага президенттер Россиянын - Владимир Путин, Казакстандын - Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын - Сооронбай Жээнбеков, Өзбекстандын - Шавкат Мирзиеев, Тажикстандын - Эмомали Рахмон, Ирандын - Хасан Рухани, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, премьер-министрлер Индия - Нарендра Моди жана Пакистан - Имран Хан катышты.

Байкоочу макамына ээ болгон Ооганстан, Белоруссия, Иран жана Монголиянын лидерлери жана эл аралык уюмдардын атынан саммитке БУУ башкы катчысынын саясий маселелер жана тынчтык маселелери боюнча орун басары Розмари ДиКарло, ЖККУ башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков, КМШ аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Лебедев, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Тигран Саргсян катышты.

Жыйындын алкагында 20 документке кол коюлду.

2020-жылдагы ШКУга төрагалык кылуу Россияга өттү.

Пикир

Оставить комментарий