• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте ШКУнун антитеррордук түзүмүнүн жыйыны болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 18.10.18. /Кабар/. Бишкек шаарында Кыргызстандын төрагалыгы алдында Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) Аймактык терроризмге каршы түзүмүнүн 33-отуруму болуп өттү.

КР УКМКнын төрагасынын орун басары, антитеррордук борбордун директору Асылбек Кожобеков өз сөзүндө отурум жакшы форматта өткөндүгүн билдирди.

“ШКУга мүчө-мамлекеттердин компоненттүү органдарынын кибер коопсуздук жана глобалдуу маалыматтык мейкиндигинде террористтик мүнөздөгү коркунучтарга мониторинг жүргүзүү, эл көп топтолгон жерлерде жана маанилүү объектерде террорго каршы коопсуздукту бекемдөө, анын ичинде терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге каршы аракеттенүү жаатындагы өз ара кызматташууну бекемдөө боюнча келишим түзүлдү”, - деди ал.

Кожобеков белгилегендей, ШКУ АТКТ төрагалык кылуу Кыргызстандан Россия Федерациясына өткөрүлүп берилди.

ШКУнун АТКТ аткаруу комитетинин жетекчиси Евгений Сысоев Кыргызстандын ШКУнун АТКТда төрагалык кылып, аны ийгиликтүү өткөрүп бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий