• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте ШКУнун отурумун өткөрүү үчүн каражат табылды – Финансы министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 07.12.18. /Кабар/. 2019-жылы Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) отурумун өткөрүү үчүн каражат табылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн жыйында финансы министринин орун басары Алмазбек Азимов билдирди.

Анын айтымында, 200 млн. сом табылган. Бул каражат 2018-жылдын бюджетинде каралып, киргизилген.

Эске сала кетсек, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ошол кездеги финансы министри Адылбек Касымалиевге 2019-жылы Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) отурумун өткөрүү үчүн 100 миллион сом табууну тапшырган болчу.

Пикир

Оставить комментарий