• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бүгүн Бишкекте ШКУнун Жаштар кеңешинин XII жыйыны өтөт

Коом 0

Бишкек, 13.06.19. /Кабар/. Бишкек шаарында бүгүн, 13-июнда Кыргызстандын төрагалыгы алдында ШКУга мүчө өлкөлөрдүн Жаштар кеңешинин XII жыйыны өтөт.

Иш-чаранын күн тартибинде уюмдун алкагындагы өз ара кызматташтыкты талкуулоо жана 2019-2020-жылдарга карата артыкчылыктуу пландар каралат, - деп билдирет Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги.

Алдыдагы кеңештин ишине Казакстан, КЭР, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан, Кыргызстан, Монголия жана Азербайжандын өкүлдөрү катышат.

Белгилей кетсек, ШКУнун Жаштар кеңешинин жыйыны ШКУнун башкы катчысы Владимир Норовдун катышуусунда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий