• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте ШКУнун Жаштар кеңешинин жыйыны башталды - эмнени талкуулашат?

Коом 0

Бишкек,13.06.19./Кабар/. Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмунун Жаштар кеңешинин XII жыйыны өтүүдө.

Иш-чаранын күн тартибинде уюмдун алкагындагы өз ара кызматташтыкты талкуулоо жана 2019-2020-жылдарга карата артыкчылыктуу пландар каралат.

КРнын улуттук бөлүмүнүн жетекчиси Таалайбек Дайырбеков, Кыргызстандын ШКУнун Жаштар кеңешиндеги төрагалыгынын алкагында Хайнань аралында ассамблея жыйыны өткөнүн айтып өттү.

"Бул иш-чара ШКУ алкагында маанилүү окуя болду, - деди ал. – Бүгүн күн тартибинде Улуттук бөлүмдөрүн аткарган иштери, 2019-2020-жылдарга пландар турат. Пакистандын жаштарын ШКУнун жаштар кеңешине кабыл алуу маселеси каралат".

Ал белгиленедей, отурумга ШКУнун башкы катчысы катышат.

Кытайдын улуттук бөлүмүнүн жетекчиси Дун Сянын айтымында, акыркы он жылда ШКУ жаштар кеңеши ШКУ өлкөлөрүнүн жаштарын өстүрүүгө чоң салым кошту.

"Кытайдагы ШКУ саммитинде ШКУга мүчө мамлекеттердин башчылары атайын жаштарга кайрылуусун айтышкан. ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын жаштар тууралуу документти талкуулоосу ШКУнун тарыхында алгач ирет болушу. Бул жолу жаштар ишкерчилигине кызматташуу, өстүрүү жана башка маселелерди талкуулайбыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий