• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте Шубин атындагы музыкалык мектеп санитардык нормаларды сактоо менен иштеп баштады

Маданият 0

Бишкек, 14.09.20. /Кабар/. Бишкектеги П. Шубин атындыгы Борборлоштурулган музыкалык мектеп карантин шартында өз ишин баштады .

Мектептин директору Гүлзинат Суранчиеванын айтуусунда, бүгүнкү күндө бардык эле ата- энелердин музыкалык мектепте билим алуусу үчүн инструмент сатып берүүгө мүмкүнчүлүгү жок.

"Мындан улам, кесиптик билим берүү, жеке сабактарды өткөрүү мектептин аймагында окутууга өттүк. Ал үчүн бардык шарттар түзүлгөн”, - дейт Суранчиева.

Бүгүнкү күндө музыкалык мектептерде теориялык сабактар онлайн форматта, ал эми мугалим менен окуучунун ортосундагы түздөн-түз байланышып окуу жана инструментте ойноп үйрөнүү маанилүү экендигин эске алуу менен жеке жана практикалык сабактар реалдуу режимде жүрүп жатат.

Эске салсак, учурда республика боюнча музыкалык мектептер 2020-жылдын 1-сентябрынан тартып штаттык режимде бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин алгоритми жана коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу үчүн санитардык-гигиеналык режимдерди сактоо менен иш алып барууда.

Учурда өлкөдө жалпысынан музыкалык, искусство жана көркөм өнөр мектептеринин саны 88ди түзөт.

Пикир

Оставить комментарий