• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкекте скутер менен "Хюндай Портер" унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталды – видео

Кырсык 0


Бишкек, 25.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 25-сентябрда Бишкектин Чүй менен Чолпон-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде скутер менен "Хюндай Портер" үлгүсүндөгү унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды.

Милициянын кайгуул кызматы билдиргендей, окуя эртең мененки саат 09:40тар чамасында болгон. Скутердин 33 жаштагы Ш.А. аттуу айдоочусу Чүй проспекти менен бара жатып "Хюндай Портер" унаасын сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен скутердин айдоочусу №4 шаардык ооруканага жеткирилген.

Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.

Пикир

Оставить комментарий