• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте снукер боюнча Азия чемпионаты башталды

Спорт 0

Бишкек, 30-июнь /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкекте снукер боюнча Азия чемпионатынын салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, ачылышына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мирлан Парханов, бильярд оюну боюнча Азия конфедерациясынын вице-президенти Аламгир Шейхти, турнирдин директору Джосеф Ло, Снукер федерациясынын башкы катчысы Шаирбек Маматокторов жана башкалар катышты.

Парханов билдиргендей, алгачкы жолу мурдагы СССР өлкөлөрүндө снукер боюнча Азия чемпионаты өтүп жатат. Постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстанда турнирдин өтүп жатышы бул өтө чоң жетишкендик.

“Мен снукер спорт түрү биздин жарандардын арасында өз ордун табат деп ишенем. Биздин спортчулар снукер боюнча чоң турнирлерде байгелүү орундарды алышат деп ишенем”,-деп билдирди.

Таймашка Бириккен Араб Эмираттарынан , Кытай, Индия, Сауд Аравиясы, Катар, Пакистан, Казакстан, Иран, Ирак, Таиланд жана Кыргызстандан 70 спортчу катышып жатат.

Иш чаранын ачылышы концерттик программа менен коштолду.

Эскерте кетсек, чемпионат 5-июлда соңуна чыгат.

Пикир

Оставить комментарий