• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте снукер боюнча “Кыргыз Федерациясынын Кубогу” өтүүдө

Спорт 0

Бишкек, 13-февраль /Кабар/. Бишкекте бүгүн снукер боюнча “Кыргыз Федерациясынын Кубогу” чемпионатынын алкагында жарым финалдык жана финалдык матчтар өтүүдө.

Снукер боюнча КР федерациясынын президенти Константин Коробовдун айтымында, Кыргызстандын күчтүү снукерчилеринин кызыктуу таймашына күбө болууга бардык каалоочулар чакырылган.

“Турнирде Белгиядагы жана Катардагы дүйнөлүк чемпионаттардын катышуучусу Мухаммед Каримберди уулу, быйылкы республика чемпиону Калысхан Сагыналиев, кичинекей вундеркинд Сыймык Ураимов таймашууда. Булар спорт чеберине талапкерлер. Ошондой эле турнирге Кубанычбек Сагындыков жана Эрмек Монолбаев. өңдүү тажрыйбалуу снукерчилер да катышууда. Турнирдин жыйынтыгында Индияда өтө турган Азия чемпионатына катыша тургандар тандалып алынат”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий