• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте соода борборунун алдында уурдалган унааны милиция жарым саатка жетпей тапты

Коом 0


Бишкек, 11.05.21. /Кабар/. Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери бүгүн, 11-майда уурдалган унааны ыкчам таап, ээсине кайтарышты.

Унаанын кожоюну билдиргендей, анын унаасын “Азия Молл” соода борборунун унаа токтотуучу жайынан уурдап кетишкен. Ал дароо "102" кызматына чалып, Honda Stepwgn унаасы уурдалганы тууралуу кабарлаган. “Андан кийин 25-30 мүнөт өтпөй милиция кызматкерлери мага чалып, унаамды табышканын айтышты. Аларга ыкчам чара көргөнү үчүн ыраазычылык билдирем”, - деген унаанын ээси.

Өз кезегинде Милициянын кайгуул кызматы агенттикке билдиргендей, унааны уурдаган жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий