• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте сот тарабынан издөөдө жүргөн жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.05.22. /Кабар/. Кемин райондук соту тарабынан издөөгө алынган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы блдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын январында Кемин районунун ички иштер бөлүмүнө 1994-жылы туулган Р.У. аттуу жаранга издөө жарыялап, жүргөн жерин аныктоо боюнча бардык зарыл болгон ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү боюнча материал келип түшкөн.

Издөөгө алынган жаран 2019-жылдын майында болгон жол кыймылынын жана автотранспортту эксплуатациялоонун эрежелерин бузуп, анын кесепетинен 4 адам каза болгондугуна байланыштуу, соттун чечими менен эркинен ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Бул факт Кемин РИИБнин маалыматтарды каттоо журналынын катталган.

2022-жылдын 16-майында көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы ижарага алынган батирлердин биринен издөөдө жүргөн 1994-жылы туулган Р.У. кармалып, ички иштер органдарына жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий