• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте SOCIAL BRANDS социалдык дүкөнү ачылды

Коом 0

Бишкек, 27.02.20. /Кабар/. Бишкеккте SOCIAL BRANDS социалдык дүкөнү ачылды. Анда кол өнөрчүлөр өзүлөрүнүн колу менен жазаган буюмдар сатылат.

Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, бул аянтча оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр үчүн түзүлгөн.

Дүкөндө коюлган буюмдар үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринин же өзүнүн ден соолугуна байланыштуу ишке чыга албай калган, жалгыз бой энелер, көп балалуу үй-бүлөлөр, пенсионерлер, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар тарабынан жасалган. Товарлар өз колдору менен жасалып, бүгүнкү күндө дүкөндүн текчелеринде жайгашкан.

Бул долбоордун максаты – калктын аярлуу катмарынын жашоо шартын жакшыртуу, аларга каражат тапканга мүмкүнчүлүк берүү болуп саналат.

Муктаж болгон адамдарга жардам берүүнү каалагандар бул дүкөнгө келип буюмдарды сатып алса болот. Дареги: Абдрахманов 137/ Токтогул көчөсү менен кесилишет, SOCIAL BRANDS дүкөнү.

Пикир

Оставить комментарий