• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте социалдык мончо куруу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 27.06.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы Жибек-Жолу проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишиндеги №2 мончонун ордуна социалдык мончо курууну пландоодо.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, эски имаратты жакын арада бузуу пландалууда. Буздуруп, жаңы имарат куруу шаардык бюджеттен каржыланат. Жаңы мончо шаардыктарды арзан баада кабыл алат.

Ошондой эле муниципалитет Киев көчөсүндөгү Башкы прокуратуранын күйүп кеткен имаратын бузууга тендер жарыялады. Мындан тышкары, заманбап имараттын долбооруна сынак жарыяланат.

Пикир

Оставить комментарий