• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте социалдык турак жай боюнча ведомстволор аралык топтун кеңешмеси өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 16.06.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жетекчилиги астында түзүлгөн социалдык турак жай куруу жаатындагы ишти координациялоо жана ченемдик-укуктук актылардын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун кеңешмеси өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басм сөз кызматынан кабарлашты.

Иш-чарага кызыкдар мамлекеттик органдардын жетекчилери жана акыркы күндөрү социалдык турак-жай менен камсыздоо талабы менен пикетке чыккан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын өкүлдөрү катышты.

Ведомстволор аралык жумушчу топтун кеңешмесине нааразычылыгын билдирген мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын өкүлдөрү чакырылып, алар өз көйгөйлөрүн билдирип, социалдык турак жай менен камсыз кылуу, же үй курууга жер тилкесин берүүдө көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов белгилегендей, учурда ченемдик-укуктук актыларда «социалдык турак-жай» түшүнүгү каралган эмес. Буга байланыштуу республика жетекчилигинин тапшырмасы боюнча калктын аялуу катмары үчүн социалдык турак-жай маселелерин чечүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү.

Ошондой эле Эдил Байсалов курулушту өнүктүрүүнүн жана социалдык турак-жай менен камсыз кылуунун натыйжалуу жана жеткиликтүү механизмдерин иштеп чыгуу менен коюлган маселелерди орто жана узак мөөнөттүү келечекте чечүүгө комплекстүү мамиле жасоо зарылдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий