• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкектин вице-мэри оңдоо иштери жүрүп жаткан соцобъектилерди текшерди

Коом 0

Бишкек, 27.07.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан социалдык объектилерге көчмө жыйын өткөрдү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, №40 орто мектепте кошумча корпус куруудан тышкары имараттын учурдагы оңдоо иштери да жүргүзүлүүдө. Азыр жууну жайларын алмаштыруу, чатырын жабуу иштери жүрүп жатат.

Ал эми №77 орто мектепте ички жылытуу системасын оңдоо иштери аяктады.

Ошондой эле Виктория Мозгачева №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жылуулук системасын оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, Токтогул көчөсүндөгү №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун оңдоо иштерине муктаж болгон филиалын текшерди.

Пикир

Оставить комментарий