• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте соттолгон жарандарга ишке орношууга жардам беришет

Коом 0

Бишкек, 19.03.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкекте 30-мартта соттолгон жарандар үчүн бош орундар жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык жумуштуулук боюнча башкармалыгы билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, жарманке Кызыл-Аскердеги №31 колонияда өтөт. Адистештирилген иш-чарага колония жана эркинен ажыратуу жайларындагы соттолгон жарандарга ишке орношууга көмөк берүүгө даяр компаниялардын жетекчилери катышышты.

Белгиленгендей, жарманкеге катышуу үчүн ишкерлер алдын ала аккредитациядан өтүүлөрү керек. Байланыш телефондору: 68 02 04 жана 43 47 70 . Жарманке 10:00дө башталат.

Пикир

Оставить комментарий