• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте өспүрүм сүзүп кеткен 2 аялдын бирөө каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 25.04.19. /Кабар/. Бишкекте өспүрүм эки аялды сүзүп кеткен, бирөө жеринде каза болду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине КР ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, күн мурун болжол менен саат 15:30да Бишкек шаарынын 16 жаштагы Ш.А., аттуу жашоочусу "Хонда Фит" үлгүсүндөгү жеңил унааны түштүк багытында башкарып бара жаткан. №99 үйдүн бет маңдайында рулду башкара албай калып, жол четинде турган эки адамды сүзүп кеткен.

Натыйжада 55 жана 56 жаштагы эки аял жабыркаган. Алардын бирөө 55 жаштагы К.Т., ооруканага жеткирилген, ал эми 56 жаштагы Р.М., алган жаракаттан улам жеринде көз жумган.

Азыркы учурда унаа айып жайга жеткирилген. Чогултулган материалдын бардыгы Бишкек ШИИБне өткөрүлүп берилген. Сотко чейинки териштирүү иштери башталды. Керектүү экспертиза дайындалып, иликтөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий