• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте өспүрүмдөр арасында бокс боюнча чемпионат өттү

Спорт 0

Бишкек, 17.03.23. /Кабар/. Бишкекте 15-16 жаштагы өспүрүмдөр арасында бокс боюнча борбор калаанын чемпионаты өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

“Челленджер” спорт клубу менен "Исабек" спорт комплексинде өткөн турнирге Бишкек шаарындагы спорт мектептеринен жана клубдарынан 100дөн ашык спортчу катышты.

Чемпионаттын жыйынтыгы боюнча байге ээлери жана жеңүүчүлөрү дипломдор, медалдар жана кубоктор менен сыйланышты.

Иш-чаранын максаты – уландар арасында бокс боюнча Бишкек шаарынын курама командасын аныктоо болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий