• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкекте өспүрүмдөр арасында ок атуу боюнча Динамо биринчилиги өттү

Коом 0

Бишкек, 27.06.22. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын демилгеси менен Кыргыз "Динамо" дене тарбия-спорт коомунун базасында өспүрүмдөр арасында ок атуу боюнча Динамо биринчилиги өткөрүлдү.

ИИМден билдиргендей, иш-чара 26-июнда Баңгизаттарды кыянаттык менен пайдаланууга жана аларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата уюштурулду.

Мелдеш пневматикалык куралдан, тапанчадан жана мылтыктан балдар менен кыздардын арасында өзүнчө, вп-20 көнүгүүсүндө катуу атуу менен өттү.

Жигиттер атышуу позицияларын даярдап, коопсуздук техникасынын сакталышын көзөмөлдөп, буталарды чогултуп, натыйжаларын эсептеп чыгышты.

Иш-чаранын аягында ок атуу боюнча спорт чебери жана Азия чемпиону Тахир Шагитович мелдешке келген балдарга мастер-класс көрсөттү.

Жыйынтыгында балдарга медалдар, Ардак грамоталар жана эстелик белектер, ошондой эле өнөктөштөрдүн белектери тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий