• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкекте өспүрүмдөр арасында шахмат боюнча турнир өттү

Спорт 0

Бишкек, 20-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Эл аралык шахмат күнүнө утурлай Бишкекте өспүрүмдөр арасында шахмат боюнча турнир болуп өттү. Бул тууралуу “V SPORT” спорт агенттигинен билдиришти.

Турнир Россия менен Кыргызстандын дипломатиялык мамилесинин 25 жылдыгына арналган. 100дөн ашык бала Кыргызстандын шахмат федерациясынын кубогу үчүн мелдешти. Турнирдин ачылышында “Биз-мекендештербиз” коомдук фондунун директору Александр Никсдроф, Шахмат федерациясынын вице-президенти жана башкалар катышты.

1996-жылдан бери дүйнөдө 20-июлда Эл аралык шахмат күнү белгиленип келет. Ал Бүткүл дүйнөлүк шахмат федерациясынын атайын чечими менен белгиленип калган.

Пикир

Оставить комментарий