• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын алдын алууда мыйзамдын аткарылышы боюнча кеңешме өттү

Коом 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова «Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жашы жете электер арасында аткарылышы боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Кеңешменин жүрүшүндө аталган мыйзамды ишке ашыруу боюнча негизги тапшырмалар белгиленди. Атап айтканда, жергиликтүү деңгээлдеги мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү, мамлекеттик түзүлүштү жана жергиликтүү бийлик органдарынын жоопкерчилигин өркүндөтүү зарылчылыгы, укук бузуулардын алдын алуу маселелери белгиленди. Ошондой эле жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алуу, пробациянын кардарларын кайра социалдаштыруу жана башка актуалдуу маселелер талкууланды.

Жыпариса Рысбекова жашы жете электер арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуунун, жергиликтүү мамлекеттик органдардын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Анткени акыркы жылдарда жашы жете электер арасында кылмыштуулук өсүп жана көйгөйлөр чечилбей келет.

“Жер-жерлерде жакшы жолго коюлган өз ара аракеттенүүдөн көп нерсе көз каранды. Ар бир жооптуу орган өз бөлүгүндө балдардын көйгөйлөрүнө өз убагында жооп берип, алдын алуу иштерин жүргүзүшү керек. Муктаж болгондорго ар тараптуу колдоо көрсөтүп, үй-бүлөдөгү көйгөйлөрдү аныктап, аларга ар тараптуу жардам берип, колдоо көрсөтүү зарыл. Мындай иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү керек, албетте, «Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруучу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу керек&rd quo;, - деп белгиледи Жыпариса Рысбекова.

Кеңешмеге Ички иштер министрлигинин, Юстиция министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Башкы прокуратуранын, Бишкек шаарынын мэриясынын, өлкө Президентинин Ысык-Көл жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары жана жашы жете электердин укуктарын коргоо маселелерин менен алектенген башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылып жана протокол кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий