• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте өспүрүмдөр арасында волейбол боюнча өлкө биринчилиги болуп өттү

Спорт 0

Бишкек, 08.01.20. /Кабар/. Бишкекте машыктыруучу Владимир Анкудиновдун элесине арналган өспүрүмдөр арасында волейбол боюнча өлкө биринчилиги болуп өттү. Бул тууралуу Волейбол федерациясынан билдиришти.

Мелдеш 4-6-январь күндөрү Бишкектеги №62 мектепте өткөрүлдү.

Алтын медаль үчүн 2002-2003-жылкы балдардан куралган 8 команда күч сынашты. Мелдештин жыйынтыгында биринчи орунду "Салам-Алик" командасы жеңип алды.

Экинчи орунга "Тоң" курама командасы, коло медалга балдар жана өспүрүмдөр арасында спорт мектебинин командасы татыды.

Ал эми кыздар арасында волейбол мелдеши 10-январда башталат.

Пикир

Оставить комментарий