• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте спорттук акробатика боюнча чемпионат өтөт

Спорт 0

Бишкек, 27.04.21. /Кабар/. 29-30-апрель күндөрү балдар жана жаштар арасында спорттук акробатика боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мелдешке Бишкек шаарынан 200дөн ашуун спортчулар катышат.

Балдар (8-10 жаш), кенже жаш курактагылар жана жана 18 жаштан жогору чоңдор (эркектер, аялдар) катыша алышат.

Спорттук иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы КР Гимнастика федерациясы менен биргеликте уюштурууда.

Өткөрүү дареги: "Жаштык" спорттук иш-чаралар жана жаштар менен иштөө дирекциясы, Малдыбаев көчөсү 1. Башталашы: саат 12:00дө.

Пикир

Оставить комментарий