• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте спорттук унаа жөө өтмөктөн өтүп бараткан пенсионерди сүзүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 21.07.22. /Кабар/. Күн мурун Бишкекте Toyota Celica спорттук унаасы жөө өтмөктөн өтүп бараткан пенсионерди сүзүп кетти.

“Кабар” агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, окуя А.Токомбаев көчөсүндө саат 13:10дордо болгон.

Кырсыктын кесепетинен 65 жаштагы аял жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Спорттук унаада 42 жаштагы А.Р. аттуу жаран болгон. Унаа айып аянтчасына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий