• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте спорттун 16 түрү боюнча универсиаданын финалдык мелдештери өтүп жатат

Спорт 0

Бишкек, 7-март /Кабар/. Бишкек шаарынын спорттук базаларында спорттун 16 түрү боюнча КРнын универсиадасынын финалдык беттештери өтүп жатат. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

28-февралда башталган универсиада 21-апрелде аяктайт. Ага республиканын 38 жогорку окуу жайы катышууда.

Мелдештердин программасына: баскетбол, үстөл тенниси, шахмат, тогуз коргоол, волейбол, теннис, оор атлетика, грек-рим күрөшү, эркин күрөш, футбол, дзюдо, бокс, сууда сүзүү, жеңил атлетика, самбо, ордо кирген.

Мелдештерге КРнын жогорку окуу жайларынын студенттери, курсанттары, магистрлери, ординаторлору катышып жатат.

Катышуучулар 1992-жылы туулган жана андан жаш спортчулар.

Уюштуруучулары КРнын Билим берүү жана илим министрлиги, Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги, Республикалык “Жаштык” спорттук жана ден соолук чыңдоо борбору.

Универсиаданы өткөрүүгө КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 4 млн 584 миң сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий