• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте үстөл тенниси боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 27.08.19. /Кабар/. Бишкекте Посевин атындагы үстөл тенниси боюнча өспүрүмдөр арасындагы эл аралык Клубдук биринчиликтин 3-туру жыйынтыкталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Мелдешке Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 11 команда катышкан. Анда Өзбекстандан келген "Хван Ман Гым-1" командасы биринчи орунду ээлесе, экинчи орунду Казакстандан келген "Караганда-1", үчүнчү орунду казакстандык "Түркестан" командасы алган.

Пикир

Оставить комментарий