• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте старт алган хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын биринчи күнү — фоторепортаж

Спорт 0

Бишкек, 04.03.22./Кабар/. Президент Садыр Жапаров 3-мартта, Бишкекте хоккей боюнча IV дивизиондогу Дүйнө чемпионатынын ачылышына катышты.

Салтанаттуу иш-чара театрлаштырылган оюн-зоок жана Кыргызстандын гимнин аткаруу менен башталды.

Андан соң өлкөнүн тарыхында биринчи жолу спорттук аренага Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) желеги чыгарылды.

IIHF президенти Люк Тардиф иш-чарага ардактуу конок катары катышты.

Мамлекет башчысы дүйнөлүк чемпионаттын расмий стартын символикалык түрдө оюнга шайба ыргытуу менен баштап берди.

Садыр Жапаров өз сөзүндө Бишкекте биринчи жолу өтүп жаткан бул турнирдин башталышына бүт өлкө эли кубанып жатканын баса белгилеп, ошондой эле мелдештин катышуучуларына ийгилик каалады.

Президент трибунадан калган көрүүчүлөр менен бирге Кыргызстан менен Ирандын курама командаларынын оюнунун биринчи бөлүгүн көрүп, анда ата мекендик команда толук үстөмдүк кылды.

Тыныгуу маалында Мамлекет башчысы Кыргыз курама командасынын кийим алмаштыруучу жайына кирип, анын мүчөлөрү менен баарлашып, команданын жакшы оюнун белгилеп, чемпионатта ийгиликтерди каалады.

Улуттук курама команданын мүчөлөрү ага улуттук кураманын жеке формасын жана Чемпионаттын шайбасын тапшырышты.

IIHFтин колдоосундагы хоккей боюнча эл аралык турнир 3-марттан 8-мартка чейин Бишкекте өтөт.

Пикир

Оставить комментарий