• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте STEM мугалимдерин даярдоо боюнча тренинг башталды

Билим 0

Бишкек, 06.07.22. /Кабар/. Бишкекте STEM (илим, технология, инженерия жана математика) мугалимдерин даярдоо боюнча тренинг башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Тренингдин ачылышында билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов, АКШ элчилигинин маданият бөлүмүнүн кызматкери Миранда Люпион жана Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмазбек Токтомаметов катышуучулардыокутуунун башталышы менен куттуктады.

Уланбек Мамбетакунов STEM долбоорун министрлик колдоорун билдирип, пилоттук мектептерди STEM каскадында окутуу үчүн база катары колдонууну сунуштады.

Миранда Лупион мугалимдердин эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, алардын билим берүү демилгелерин ишке ашыруудагы ордун белгиледи.

Ал эми Алмазбек Токтомамбетов долбоордун ийгиликтүү катышуучуларын STEM долбоорунун кызыкдар тараптары, анын ичинде БААУ Инновациялык колледжи, Techwomen жана Роза Отунбаева фонду менен кызматташууга чакырды.

Төрт күндүк тренингдин негизги багыты “Окутуу үчүн универсалдуу дизайн”, “Долбоорго негизделген окутуу”, “Баалоо куралдары” жана коммуникативдик окутуу ыкмалары темаларында болот. Тренинг катышуучуларга кызматташуу, баарлашуу, чыгармачылык жана сынчыл ой жүгүртүү деңгээлин жогорулатууга жардам берет.

Пикир

Оставить комментарий