• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкекте стол үстүндөгү теннис боюнча республикалык чемпионат старт алды

Спорт 0

Бишкек, 29.01.21. /Кабар/. Бишкекте бүгүн, 29-январда "Карвен" борборунда эркектер жана кыз-келиндер арасында стол үстүндөгү теннис боюнча Кыргызстандын чемпионаты старт алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Республикалык чемпионатка өлкөнүн бардык аймактарынан жана Бишкек, Ош шаарларынан 100дөн ашык спортчу катышууда.

Ачылыш аземге Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов жана Стол үстүндөгү теннис боюнча ассоциациясынын директору Генрих Балян катышты.

Белгилей кетсек, мелдеш 31-январда аяктайт. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу чемпионат көрүүчүлөрсүз өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий