• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте стол үстүндөгү теннис боюнча республикалык чемпионат өттү

Спорт 0

Бишкек, 01.02.21. /Кабар/. Бишкекте стол үстүндөгү теннис боюнча республикалык чемпионат болуп өткөнүн Жаштар иштер, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 29-31-январь күндөрү "Карвен" борборунда өттү.

Республикалык чемпионатка өлкөнүн бардык аймактарынан жана Бишкек, Ош шаарларынан келген 100дөн ашык спортчу катышты.

Оюн Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Стол үстүндөгү теннис боюнча ассоциациясы тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий