• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте стол үстүндөгү теннис боюнча турнир өттү

Спорт 0

Бишкек, 17.01.19./Кабар/. Бишкекте “Regional Hopes Week & Challenge” аттуу стол теннисинин Эл аралык Федерациясынын программасы боюнча турнир өттү.

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматынан кабарлагандай, турнирде Кыргызстан, Иран, Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан келген 10-11 жаштагы жаш спортчулар катышкан.

Балдар арасында мастерлиги, ылдамдыгы жана жөндөмдүүлүгү боюнча Алан Курмангалиев (Казакстан) жана Реза Шариати (Иран) аттуу теннисчилер финалга чыккан. Финалдык беттеште ирандык спортчу 3:0 эсебинде жеңип, биринчиликти ээлеген. Үчүнчү орунду Казакстандык Рамазан Назир ээлеген.

Кыздар арасында бирдей упай топтоп алдыга үч спортчу чыккан - Тара Соури (Иран), Алиса Цвигун жана Виктория Мочалкина (экөө тең Казакстандан келген).

Бирдей упай алгандыгына байланыштуу жеңичүүнү аныкташ үчүн партияларды саноо чечими кабыл алынган. Жыйынтыгында Иран биринчи орун, Мочалкина экинчи жана Алиса Цвигун үчүнчүнү ээлеген..

Жеңүүчүлөр “The Asia Continental Hopes Week” турниринде Орто-Азиялык региондун намысын коргоого жолдомо алышкан.

Пикир

Оставить комментарий