• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте стол тенниси боюнча турнирдин жеңүүчүлөрү аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 16.11.21. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстандагы биринчи жана жалгыз СССРдин спорт чебери Жеңишбек Таласбаевдин элесине арналган стол тенниси боюнча 27-эл аралык турнир болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, турнирге Кыргызстан жана Тажикстандан 80 спортчу катышты.

45 жашка чейинки аялдар, 45 жашка чейинки эркектер жана жуптар арасында 5 комплект медаль ойнотулду. Салт боюнча медалдар алгач 45 жаштан жогорку жана 45 жашка чейинки кыз-келиндер арасында жеке таймашта ойнотулду.

45 жаштан жогорку кыз-келиндер арасында 1-орунду Хиценко Ирина, 2-орунду Ибраева Назгүл, 3-орунду Старжинская Елена ээледи.

Кыз-келиндер арасында 45 жашка чейинки категорияда Холикова Ситора жеңип, күмүштү Рустанбекова Керемет, колону Алиева Назира жеңип алды.

45 жаштан жогорку курактагы эркектер арасында Нишанов Бакыт финалда Закиржан Ташмухамедовду жеңип, үчүнчү орунда Азамат Жоробековду утуп алды.

45 жашка чейинки категорияда Талгат Сагындыков жеңишке жетишсе, Руслан Култаев экинчи, Жасур Худайбердиев алдыңкы үчтүктү жапты.

Андан ары медалдар жуптар боюнча ойнотулду. Руслан Култаев менен Нуртай Курманалиев чемпион болушту. Экинчи орунду Михаил Белоглазов менен Талант Сагындыков ээледи. Үчүнчүсү Жасур Худайбердиев менен Талгат Сагындыковго тийди.

Жеңүүчүлөргө КР Стол тенниси ассоциациясынын колдоосу менен Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын дипломдору, медалдары жана баалуу сыйлыктары тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий