• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте “Street Workout” боюнча КРдин ачык чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 22.09.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. 28-сентябрда Бишкекте Кыргызстандын “Street Workout” боюнча ачык чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш Баялинов атындагы китепкананын жанындагы аянтта өтөт.

Спортчулар “фристайл” номинациясында чемпион наамы үчүн ат салышат. Анда спортчуларга 3 мүнөт убакыт берилет. Ошол убакытта спортчу өздүнүн чеберчилик жана даярдык деңгээлин көрсөтүүсү керек.

Спорттун бул түрү менен машыккандар өздөрүн ар кандай аташат: форкаутерлер, көчө спортчулары же көчө гимнасттары ж.б,.

Пикир

Оставить комментарий