• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте Street Workout спорттук аянты пайда болду

Коом 0

Бишкек, 10-май /Кабар/. Бишкекте К.Баялинов атындагы республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасынын аймагында Street Workout спорттук аянты ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Спорттук аянттын максаты – шаарда коопсуз, ыңгайлуу жана пайдалуу коомдук жайларды өнүктүрүү жана жаштар арасында сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу.

Ачылыш аземине Биринчи Май райондук администрациянын, «Сорос-Кыргызстан» фондунун, К.Баялинов атындагы республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасынын жана Street Workout Kyrgyzstan федерациясынын өкүлдөрү, ошондой эле, белгилүү артисттер катышышты.

Ачылыштан соң шаардыктар үчүн StreetWorkout боюнча командалар арасында мелдештер өткөрүлдү.

Долбоор StreetWorkout Kyrgyzstan федерациясы жана «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиги тарабынан демилгеленген.

Пикир

Оставить комментарий