• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте студенттердин республикалык "Жаңы ысымдар" фестивалы расмий ачылды

Маданият 0

Бишкек, 21.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 21-декабрда Б.Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында студенттик спектаклдердин республикалык “Жаңы ысымдар” фестивалынын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чаранын ачылышына Маданият, маалымат , спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү, КР эл артисти, театр сынчысы Жаныш Кулмамбетов жана башка бир катар маданият ишмерлери катышты.

Белгилүү болгондой, аталган фестиваль 7 жылдан бери үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет.

Фестиваль адаттагыдай Маданият министрлиги, Кыргызстан театр ишмерлер союзу жана Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети менен биргеликте уюштурулууда.

Фестивалдын ачылышында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 3-курсунун студенттери тарабынан даярдалган "Сегиз аял” спектакли көрүүчүлөрдүн назарына коюлду. Чыгармачыл студенттердин устаты КР эмгек сиңирген артисти Назым Мендебаиров.

Эскерте кетсек, фестиваль жуманын аягына чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий