• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте "Субару-Форестер" унаасынын айдоочусу жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 07.12.20. /Кабар/. Бишкекте бүгүн, 7-декабрда "Субару-Форестер" унаасынын айдоочусу Тыныстанов менен Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишинде жөө жүргүнчүнү сүзүп, изин жашырган.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, кырсыктан жөө жүргүнчү окуя болгон жерде каза тапкан.

Аталган факты боюнча милиция ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары "Субару-Форестер" үлгүсүндөгү унаанын 24 жаштагы М.С. аттуу айдоочусун кармашкан.

Шектүү Бишкек милициясынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий