• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте судья 2 миң доллар пара алып жатканда колго түштү

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.03.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы пара менен кармалды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (Финансы полициясы) басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, бүгүн, 12-мартта Финполдун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чарасынын натыйжасында 2 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алууга шектелип Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы «О.М.» колго түшкөн.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Пикир

Оставить комментарий