• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте сугат иштери күчѳтүлгѳн тартипте уланууда

Коом 0

Бишкек, 11.08.21. /Кабар/. "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы тарабынан борбордун жашыл бак-дарактарын сугаруу күчѳтүлгѳн тартипте уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ эртең менен борбор калаага "Жогорку Транзит" жана "Асанбай" каналдарынан 1 куб метр суу келген. Сугат Абдрахманов кѳчөсү, Жибек-Жолу проспекти, Киев кѳчөсү менен Манас проспектисинин кесилиши, Тынчтык проспекти Ч. Айтматов, Жумабек, Чүй, Матыева кѳчѳлѳрүнүн жашыл аймактарын камтыган. Эркиндик жана Жаш Гвардия бульварында, Тоголок Молдо жана Элдердин достугу гүлбакчасында, №7, 12 кичирайондорундагы өсүмдүктөр сугарылган.

"Ынтымак" жана "Адинай" парктарында арык суусу менен жана кудуктан чыккан суу менен сугаруу жүргүзүлдү. Ошондой эле Чүй проспектиси боюнча газондорду помптун жардамы менен сугаруу Свердлов жана Биринчи май райондорунда өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий